13-ноябрга карата COVID-19 илдетинен эки адам каза болду, алар Бишкек шаары жана Баткен облусунда катталды.
Март айынан бери коронавирустан 1195 адам көз жумду.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 567 жаңы учуру катталды. Алар — Бишкекте — 136, Ош — 41, Чүй облусу – 96, Ош облусу — 65, Талас облусу — 17, Нарын облусу — 12, Ысык-Көл облусу – 57, Жалал-Абад облусу – 101, Баткен облусунда — 42 учур катталды.
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 65 миң 454кө жетти.
Акыркы суткада ооруп жаткан 483 бейтап айыгып, жалпы учурлар 56 миң 307ни түздү.