Биз менен байланышыңыз

Рекорд: Дөөлөт Сыдыков 14 сааттан ашык «Манас» айтты

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 812 | 0

Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт 51 секунд «Манас» айтып, дүйнөгө рекорд койду. Аянтта миңден ашуун адам «Манастап» ураан чакырып, манасчыны сүрөөнгө алып турушту.

Коюлган шарт боюнча манасчы суу да ичпей, дааратканага да барбай, бир орундан козголбой, 10 сааттан ашык токтолбой, «Манас» айтуусу керек болчу. Ал эми Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынбай айтарын маалымдаган.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өтттү. Ал жерге манасчы үчүн атайын секиче жасалып, үстүнө айнек боз үй тигилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM