Биз менен байланышыңыз

Дөөлөт Сыдыков — Гиннес китебине эң узак айтуучу катары катталат

Билим-маданият , Коом | 12 Ноя 2020 | 1300 | 0

Бүгүн 12-ноябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаңдуу маанай. Топтолгон эл күндүн сууктугуна, кечинде төгүп келген жаанга карабай, «Манастап» ураан чакырып, секичеге тигилген айнек боз үйдүн ичинде сабалатып, эртең мененки саат 9:45тен тартып токтолбой «Манас» айтып жаткан Дөөлөт Сыдыковду сүрөп турушат.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Манас» эпосунун улуулугун, уникалдуулугун даңазалап, анын кереметин дүйнө жүзүнө таанытуу, элди биримдикке чакыруу, ошондой эле эпосту узак убакыт токтобой айтуучу катары дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине кирүүнү максат кылган. Гиннестин өкүлдөрүнүн талабы боюнча эпосту эч тынымсыз 10 сааттан ашык айтуусу керек болот. Ал эми манасчы 12-14 саат тынбай айтууну мерчемдеп жатканын маалымдаган эле.

Манасчынын «Манас» айтуусу үчүн борбордук «Ала-Тоо» аянтында атайын жылууланган айнек боз үй тигилип, тийиштүү акустикалык аппараттар коюлган. Ошондой эле убактысын көрсөтүп туруу үчүн электрондук саат орнотулган.

Эл оозунда тээ илгери 3 күн, 3 түн «Манас» айткандар да болгону даңалазанып келет. Ал эми учурда манасчылар арасында узак убакыт тынымсыз «Манас» айтуу иш-чаралары байма-бай уюштурулуп турат. Айталы, Таластагы «Манас ордодо» өткөн 3 айлык иш-чарада 10-12 саат «Манас» айткандар да болгон. Бирок аны рекорддор китебине каттатуу эске алынган эмес, бул жолкусунда эпосту дагы бир жолу дүйнөгө даңазалап, Гиннестин китебине киргизүү демилгеси көтөрүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков маалымдап, Дөөлөт Сыдыковго ийгилик каалап өттү.

«Дүйнөлүк реккорддор китебинде башка элдерде эң узак убакыт 4,5 саат экен. Биз ошол реккордду жаңылайбыз, 15-16 саатка жетет деп турабыз». 

«Манас айтуу өнөрү — өзгөчө феномен. Дүйнөнү ушундай көркөм дөөлөттөрүбүз менен таң калтыра алабыз», — деген Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев «биздин залкар манасчыларыбыз күнү-түнү «Манас» айта алат» деген сөздү дүйнөгө далилдөөнүн жакшы бир саамалыгы болуп жатканына кубанып турганын айтып, иш-чараны уюштуруп жаткан демилгечилерге жана журналист Элнура Кулуевага ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күндөгү чыгаан манасчыларыбыздын бири Дөөлөт Сыдыков токтоосуз «Манас» айтканы жатат. Бул дагы ошол «Манас» айтуу касиетин далилдей турган, «Манас» эпосунун көп кырын белгилей турган, манасчылык өнөр ар бир адамга буйрубай турган касиет экенин тастыктаган иш-чара десек болот. «Манаста» айтылгандай «Арсыздарга токтобой, азамат эрге конгон сөз» деген кептин бир далили болуп жатат». 

Бул саамалыкты салтка айландыруу сунушун берген Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Курмангазы Азыкбаев  биздин руханий байлыгыбыздын туу чокусу – «Манас» эпосу экенин баса белгилейт.

«Мына карачы, кандай кайдигер эмес адамдардын топтолуп жатканы сүйүүнүчтүү! Сүйүнүп атам мен, Кудайга миң мертебе ыраазы болуп турам!»

Иш-чарага келген Бишкек шаарынын тургуну Жаңылкан Досматова: «Манастай» эпос, эч бир жерде жок, бул — уюткулуу эл экендигибизден кабар берет», —  дейт.

«12-14 саат токтобой, тамактанбай «Манас» айтканы турат, буга бардыгыбыз күбө болуп турабыз. «Манаста» чоң сыр, ыйыктык бар. Анткени кыргыз элинин баалуулуктары «Манас» эпосунда камтылган». 

«Маданият, тарых, тил» каналынын башкы редактору Гүлмира Кулумбаева Гиннес китебине катталуу ар бир адамдын маңдайына жазыла бербегенин,  мындай тарыхый окуя Дөөлөт Сыдыковго буюруп турганын айтат.

«Дүйнөлүк Гиннес китебине кирүү үчүн ошончолук жүрөк керек. Ошондуктан, бүгүн Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтып жатканы — өтө уникалдуу көрүнүш». 

Эскерте кетсек, Гиннес китебине рекорддорду каттоо жыл сайын ноябрь айынын орто ченинде өткөрүлөт. Буга чейин аталган китепке Кыргызстандан «Манас» китеби — эң көлөмдүү эпос катары кирген. Ошондой эле 2018-жылы «Аю гранд комфорт» соода борборунда 1 жарым тонна бешбармак, 117 метр чучук даярдалып, дүйнөлүк рекордду жаңырткан. Мындан тышкары 2020-жылы хирург Мамбет Мамакеевдин ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жаткан адис катары катталган.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM