Биз менен байланышыңыз

Шүкүрбек Бейшеналиевдин үйүнө мемориалдык такта илинди [фото]

Коом , Кыска кабар , Сүрөт | 12 Ноя 2020 | 30360 | 0

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, балдар адабияты боюнча Андерсен атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, жазуучу, драматург Шүкүрбек Бейшеналиевдин үйүнө мемориалдык такта илүү аземи болуп өттү.

Салтанатка Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана калемдештери, замандаштары катышты.

Белгилей кетсек, жазуучунун 90 жылдыгы 2018-жылы белгиленген.

Шүкүрбек Бейшеналиев 1928-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде, Москвадагы Жазуучулардын Жогорку адабий курсунда окуган.

Шүкүрбек Бейшеналиев Тоголок Молдонун өмүр жолуна арналган «Болот калем», Социалисттик эмгектин баатыры Рахматаалы Сартбаевдин өмүр жолун чагылдырган «Даңкка жараша жүк» сыяктуу бир даректүү жана көркөм романдардын, бир нече повесть-аңгемелердин, бир катар драмалардын автору.

Жазуучу адабият чөйрөсүндө жана коомчулукта айрыкча балдар жазуучусу катары кеңири таанылган. Анын калеминен жаралган «Кычан» повести мектеп программасына, «Мүйүздүү козу», «Аманат», «Табышмакчы Чынара» чыгармалары кошумча окуу хрестоматияларына киргизилген.

2000-жылы дүйнөдөн өткөн. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилген.

2018-жылы 90 жылдык мааракесине карата «Чыгармаларынын III томдугу» жарык көргөн. Ысымы өзү туулган айылдагы паркка, Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылындагы бир мектепке берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM