Биз менен байланышыңыз

10 айда 1870 майыпка кресло-коляска берилген

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 382 | 0

2020-жылдын 1-октябрына карата 6598 майыпка кресло-коляска, протездик-ортопедиялык буюмдар жана башка керектүү каражаттар берилген. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Атап айтканда, 870 майып адамдарга, 924 майып балдарга кресло-коляска, 3521 майыпка санаториялык-курорттук жолдомо берилген.

Министрликке караштуу Реабилитациялоо борборунан 272 майып, анын ичинде 23 майып балдар өткөн. Ошондой эле аталган борбордон 42 майып компьютердик билим, тигүү жана бычуу курстарынан окуган.

Белгилей кетсек, майыптарды медициналык кароодон өткөрүү жакшы жолго коюлду. Эми аларга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолордун өз алдынча ала алуусуна, дарыгери жөнөткөн жерге баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Министрлик ортопедиялык бут кийимдердин сырткы түзүлүшүн жакшыртуу иши каралып, протездик буюмдардын жаңы технологиясы өздөштүрүлүп жана колдонулуп жаткандыгын белгилейт.       

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM