Биз менен байланышыңыз

«Балдар үчүн ишеним телефонуна» 10 айда 119 миң 178 адам чалган

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 286 | 0

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020-жылдын 10 айында 119178 ар кандай кайрылуу, бир суткада орто эсеп менен 390 чалуу түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 4731, дааналап айтканда, 884 жаш бала, 3847 чоң адам консультация алуу максатында, жардам көрсөтүүнү суранып чалган. Мунун ичинен 1087 эркек, 3644 аял, 260 эркек бала, 624 кыз кайрылган.

3800 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана кеңештер, 521 абонентке психологиялык кеңеш берилген. 410 кайрылуу тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

Ошондой эле 114447 абонент адашып, же ар кандай кызматтардын номерлерин сурап, же жөн эле сынамакка чалышкан.

Эскерте кетсек, балдарыңызда же үй-бүлөңүздө ар кандай социалдык жагдайлар, көйгөйлөр жаралса, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 111 кыска номери аркылуу байланышып, жардам алсаңыз болот.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM