Биз менен байланышыңыз

Тышкы карызды төлөө үчүн элден каражат топтоо боюнча токтом долбоору даярдалды

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 586 | 0

Финансы министрлиги тышкы карызды тындыруу үчүн акча каражаттарын топтоо жөнүндө өкмөттүн токтом долбоорун даярдады. Бул тууралуу министрликтин сайтына жарыяланды.

Токтом долбоордун максаты эл аралык каржылык институттардын жана чет өлкөлүк донорлордун алдындагы милдеттенмелерди төлөө боюнча мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтуу, ошондой эле Кыргызстандын тышкы карызын тындыруу үчүн юридикалык жана жеке тараптардан ыктыярдуу которулган акча каражаттарды топтоо болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындырууга Өкмөткө көмөк көрсөтүү боюнча калктан түшкөн кайрылууларга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн өзүнчө эсептердеги каражаттарды пайдалануу жана түшүү эсебин камсыздоо максатында Өкмөттүн аталган токтом долбоору демилгеленди», — деп билдирет министрлик.

Copyright © 2017 Maral FM