Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары кармалды

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 354 | 0

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына Аламүдүн районунун прокуратурасындагы пара алуу фактылары боюнча маалымат түшкөн. Райондук укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдын сакталышына көзөмөл жүргүзгөн Аламүдүн районунун прокуратурасынын жетекчилиги, өздөрү көзөмөл кылган тергөө бөлүмдөрү менен сүйлөшүп алып, кылмышка шектүү айрым адамдарга оң же терс чечим чыгарып берүү үчүн пара алып жүргөнү аныкталды.

11-ноябрь күнү Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык иликтөөлөр бөлүмү менен бирге жүргүзүлгөн ыкам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районунун «С.Э.А.» аттуу прокурору жана анын «М.А.С.» аттуу орун басары кармалды.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM