Биз менен байланышыңыз

Насыяны эмес, насыя берген мекемени тандаңыз

Блог , Экономика | 13 Ноя 2020 | 558 | 0

Биз бүгүн каржылык мекеме менен иштөөнүн негизги эрежелери жөнүндө  «ИНКОМ» микрофинансы компаниясынын насыя башкармалыгынын башчысы Гүлкайыр Мусаева менен маектештик.

— Каржылык мекемеге барардан мурун эмнелерди билишибиз керек?

— Эгер сиз каржылык-кредиттик мекеме менен кызматташууну баштоону чечсеңиз, биринчи кезекте керектүү кызматтардын тизмесин тандашыңыз керек. Ар бир каржылык мекеменин талабы өзүнүн шарттарына ылайык түзүлгөн. Биринчи кезекте, каржы мекемесинин каражаты же кызматтарынын шарттары так аныкталганбы? Алар тууралуу жеткиликтүү маалыматы барбы, булактары кайсы? Филиалдарынын жана тейлөө кеңселеринин ыңгайлуу тармагы барбы? Ошолорду билиңиз. Каржылык туруктуулук тууралуу маалымат өтө маанилүү. Жогоруда аталган маалыматтар каржы мекемесинин сайтында жайгашышы мүмкүн. Каржылык отчёт тууралуу маалымат издеп жатсаңыз, насыя портфелинин көлөмү жана анын сапаты, каржылык мекеменин кирешесинин өсүшү сыяктуу жагдайларга маани берүү зарыл. Бул көрсөткүчтөргө жакшы баа берүү менен биз каржылык-кредиттик мекемени ишенимдүү деп айта алабыз.

— Каржы мекемеси менен кызматташууда кандай эрежелер бар?

— Каржылык-кредиттик мекеме жана анын кардарлардын ортосундагы кызматташуу келишимдин негизинде түзүлөт. Анда тараптардын кызматташуудан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери караштырылган. Каржылык мекеменин эң негизги милдети — кардардын иштерине байланыштуу суроолорду мыйзамга ылайык чечүү, купуялуулукту сактоо жана милдеттерин так аткаруу. Кардарлар өз учурунда келишимде белгиленген эрежелерди сактоого милдеттүү. Толук маалымат каржы мекемесинин кызматына жана каражатына жараша так жазылат.

— Бул эрежелер эмне үчүн керек?

— Эрежелер каржы мекемеси менен кардарлардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга шарт түзөт. Ар бир каржылык-кредиттик мекеменин өзүнүн эрежелери бар. Мисалы, эгерде кардар кредиттик мекемеге кайрылса, ага кандай мамиле жасоонун, кантип сүйлөшүнүн эрежелери бар. Андан кийин эгер кардардын маселеси же суроосу болсо, аны чечип берүүнүн да эрежелери болот.

— Эки тараптын кызматташуусунун ийгилигинин негизи эмнеде?

— Каржылык-кредиттик мекеменин ишинин ийгилигинин ачкычы — калктын ишениминде. Ал эми бул ишеним эки тараптын ортосундагы сапаттуу кызматташтыктан жаралат. Калк үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү адамдардын жашоосундагы маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле, каржы мекемеси заманбап коомдун муктаждыктарын — мобилдүүлүктү, ишенимдүүлүктү, ыңгайлуулукту эске алуу менен кызматтардын тизмесин кеңейтип, өркүндөтүшү керек деп айта алабыз. Каржы мекемеси заманбап технологияларды канчалык көп колдонсо, адамдардын жашоосундагы ролу ошончолук жогору болот, анткени маалыматташтыруу каржы кызматын тез жана ишенимдүү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM