Биз менен байланышыңыз

Баткенде 60 мектепке салттуу түрдө окутууга уруксат бериле элек

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 463 | 0

Баткен облусунун айрым мектептеринде 1-5-9-11-класстын окуучулары салттуу түрдө окуй баштады. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

11-ноябрга карата Баткен облусунда 173 мектеп салттуу түрдө окутууну баштады. Мунун ичинен 107 мектепте 1-класстарды, 58 мектепте 1-5-9-11-класстарды мектепте окутууга уруксат берилди.

Ал эми 8 мектепте бардык класстар салттуу негизде окуйт. Алар эпидемиологиялык кырдаал туруктуу аймактардагы окуучунун саны аз болгон мектептер экени айтылды. Облус боюнча окуучулардын жалпы саны 18163тү түздү.

Ал эми эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 60 мектепке салттуу түрдө окутууга уруксат бериле элек.

Кадимки режимде окуу процесси жанданган мектептерде 2 жума бою мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болсо, тийиштүү органдардын макулдугу менен башка класстарга да окууга уруксат берилет.

Учурда мектептерде окуучуларга пандемия шартында билим алуу үчүн санитардык ченемдерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Баткен облусу боюнча 233 мамлекеттик мектеп бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM