Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Дөөлөт Сыдыков Гиннес китебине каттатуу үчүн «Манас» айтат

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 729 | 0

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкекте манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннес» рекорддор китебине кирүү үчүн «Манас» айтат. Уюштуруу тобунун маалыматына караганда, иш-чара саат 09:00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында башталат.

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусуна ыңгайлуу болуусу жана жалпы элге көрүнүп туруусу үчүн аянтка бийиктиги жана узун-туурасы беш метр келген айнек боз үй тигилери кабарланган. Андан тышкары, келген элге толук угулуусу үчүн атайын үн күчөтүүчү аппараттар коюлат.

Дөөлөт Сыдыков бир нече жолу манасчылардын кароо-сынак, фестивалдарында байгелүү орундарды багындырып келген. Ал буга чейин 12-13 саат токтобой «Манас» айткан учурлары болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM