Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев: Чындык эртели-кеч жеңет

Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 1891 | 0

Чындык эртели-кеч жеңет. Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүргөнү чыгат. Мындай пикирин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-ноябрда 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча болгон соттук отурумда билдирди.

Анын айтымында, Кой-Таш окуясы боюнча Канат Сагынбаев менен Фарид Ниязов күнөөсүз эле отурушат.

«Ошол эле качып кеткен Опумбаев, Жунушалиевдин сөздөрү чыгат. Мен отура берем. Жанымдагы Канат Сагынбаев менен Фарид Ниязовду коё берип койгула. Чындыкка мен да кызыкдармын: Кой-Таш окуясы боюнча да, Батукаевдин иши боюнча да. Балдар мени сатпаганы үчүн отурушат», — деди Атамбаев.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча прокурорлордун өтүнүчү каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM