Биз менен байланышыңыз

Руслан Казакбаев Түркияда иш сапары менен жүрөт

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 418 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Руслан Казакбаев 8-ноябрда Анкара шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушуу өткөргөн. Руслан Казакбаев жетектеген кыргыз өкүлчүлүгү мекендештердин Кыргызстанга болгон каалоо-тилектерин, алардын өздөрүнүн көйгөйлөрүн кеңири угуп, жооп беришкен. Ошондой эле Вандагы Улупамир айылынан келген этникалык кыргыздар менен да баарлашуу өткөрүшкөн. Этникалык кыргыздар эне тилин унутуп бара жатышкандарын айтып, Кыргызстандын кыргыз тили, тарыхы жана музыка мугалимдерин Улупамирге жөнөтүүнү суранышкан. Казакбаев жетектеген өкүлчүлүк бул тема боюнча элчилик иш жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Руслан Казакбаев кечээ, 9-ноябрда Түркия мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн «Аныт Кабыр» мавзолейине барып, гүлчамбар коюп, бир мүнөттүк эскерүү өткөргөн. Андан соң эскерүү китепчесине өзүнүн кол тамгасын калтырган. Белгилей кетсек, Түркия мамлекети жыл сайын 9-10-ноябрда Ататүрктү эскеришет. Ал 1938-жылы 10-ноябрда дүйнөдөн өткөн.

Ал эми бүгүн, 10-ноябрда Түркия Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, анын орун басары, ТИКА уюмунун мурдагы президенти Сердар Чам жана Түркиянын Соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигинин төрагасынын орун басары Файык Явуз менен да жолугушууларды өткөрдү.

11-ноябрда Стамбулда кыргызстандыктар менен жолугушуу өткөргөн соң, аталган өкүлчүлүктүн расмий сапары жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM