Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы 90% натыйжалуулугун көрсөткөн дары аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 741 | 0

Американын «Pfizer» жана Германиянын «BioNTech» компаниялары тарабынан ойлоп табылган коронавируска каршы дары 90 пайыз натыйжалуулугун көрсөттү. Бул тууралуу вакцинаны иштеп чыгуучулар билдиргенин «Pfizer» сайты жазды.

«Бул вакцина COVID-19 инфекциясын алдын алууда 90 пайыздан ашык натыйжалуу экени аныкталды», — деп жазылат сайтта.

Аталган компания муну «адамзат үчүн, илим үчүн улуу окуя» деп атады.

Клиникалык сыноого 43 миң 500дөй адам катышкан. Алар дүйнөнүн алты өлкөсүнөн келишкен. Вакцинанын адамга тийгизген терс таасирлери байкалбаганы айтылат.

«Pfizer» компаниясы жылдын аягына чейин 50 миллион доза вакцина чыгара алабыз, ал эми 2021-жылдын аягына чейин болжол менен 1,3 миллиард вакцина чыгат деп ырастоодо. Эгер вакцинага тез арада сертификат берилсе, эмдөө ноябрь айынын аягында башталат.

Copyright © 2017 Maral FM