Биз менен байланышыңыз

Трамп шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 458 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабы Пенсильвания штатындагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко арыз берди. Анда почта аркылуу берилген добуштар ишенимдүү эместиги айтылган, бирок шайлоо эрежелерин бузган так далилдер келтирилген эмес.

Пенсильвания штатында Байдендин алган добушу көп болгондуктан, анын шайлоодо жеңишке жеткени жарыяланган.

Америкалык юристтер Трамптын арызы шайлоо жыйынтыгына таасир тийгизбей турганын айтышат.

Жо Байден АКШнын 59-жолу өткөрүлүп жаткан президенттик шайлоосун жеңип, өлкөнүн 46-президенти болду. Ал эми Дональд Трамп АКШ тарыхындагы бир гана мөөнөт (4 жыл) иштеген президент болуп калмакчы. Байден учурда 78 жашта.

Copyright © 2017 Maral FM