Биз менен байланышыңыз

Лейлек району чек арада жайгашкандыктан COVID-19 көп катталып жатат

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 433 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош жана Баткен облустарындагы медициналык мекемелердин абалы менен таанышып келди. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, иш сапардын алкагында аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маселелер талкууланды.

Анын жүрүшүндө, министр Баткен облустук бириктирилген ооруканасын, Кадамжай аймактык ооруканасын, Кадамжай үй-бүлөлүк медицина борборун, Сүлүктү жалпы дарыгерлер практикалык борборун, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасын көрүп, калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапаты менен таанышты.

«Алыскы Лейлек районунундагы аймактык ооруканасына барганда ал жерде коңшу өлкөлөр менен чектеш болгон себептүү элдин кошуналар менен карым-катнашы көп болуп, коронавирус илдети көп катталып жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлдү. Министр бул маселе Республикалык штабдын отурумунда караларын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары министр Ноокат аймактык ооруканасынын, Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасынын бөлүмдөрүнүн, Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылындагы профилдештирилген инфекциялык бөлүмдүн иштери менен таанышып чыкты.

Ошондой эле Ош шаарындагы жаңы салынып жаткан 100 орундуу инфекциялык ооруканасынын курулуш иштерин жеринен көрүп кайтты. Координатордун айтымында, жумуш иштери декабрь айынын башында бүтүп, оорукана ишке берилет деп күтүлүп жатканын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM