Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катыша турганын жарыялады

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 898 | 0

Саясатчы Садык Шер-Нияз бүгүн, 9-ноябрда президенттик шайлоого катышуу чечимин кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында видео кайрылуу жасады.

Анын айтымында, ал өлкө парламентаризм жолунан тайып баратканы үчүн бул шайлоого катышууну чечкен. «Мен бир катар адамдар менен ийри отуруп, түз кеңешип, шайлоого аттанууну чечтим. Мен парламентаризмди колдойм жана аны сактап калууга аракет кылам. Өзүңүздөр байкагандай, азыр өлкөдө ар кайсы кызматтарды ээлеп алуу уланууда. Биздин шорубуз президенттик башкарууда болду. Ошон үчүн президенттерибиз мекенден алыс, качып жүрөт. Биз кайрадан ошол жолго түшүп албашыбыз керек», — деп билдирген Садык Шер-Нияз.

Ошондой эле ал билдирүүсүн: «Менин жашоомдогу негизги билдирүүлөрүмдүн бири», — деп атаган.

Таалатбек Масадыков президенттик шайлоого катышпайт (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM