Биз менен байланышыңыз

АКШдагы президенттик шайлоодо Байден жеңишке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Ноя 2020 | 785 | 0

АКШдагы президенттик шайлоодо демократиялык партиянын талапкери Жо Байден жеңишке жетти. Мындай жыйынтыкты CNN телеканы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Байден президенттик үчүн керек болгон коллегиялык 270 добушту камсыздай алган. Тактап айтканда, азыркы тапта Байденде 284 добуш, Трампта 214 добуш бар. Ошентсе да, азыр айрым штаттарда добуштарды эсептөө толук аягына чыга элек.

Белгилей кетсек, Кошмш штаттардагы президенттик шайлоо 3-ноябрда болуп өткөн. Бул жолку шайлоодо көпчүлүк почта аркылуу добуш бергени үчүн аларды эсептөө убакытты көп алганы айтылууда.

Жо Байден АКШнын 59-жолу өткөрүлүп жаткан президенттик шайлоосун жеңип, өлкөнүн 46-президенти болду. Ал эми Дональд Трамп АКШ тарыхындагы бир гана мөөнөт (4 жыл) иштеген президент болуп калмакчы. Байден учурда 78 жашта.

Байдендин жеңиши кайсы өлкөлөр үчүн ыңгайлуу? Трамп жеңсе эмне болот?

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM