Биз менен байланышыңыз

Байдендин жеңиши кайсы өлкөлөр үчүн ыңгайлуу? Трамп жеңсе эмне болот?

Блог , Дүйнө | 3 Ноя 2020 | 1182 | 0

АКШда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Германиялык «Die Welt» басылмасы Трамп же Байдендин жеңиши кайсы өлкөгө ыңгайлуу жана ыңгайсыз экенине сереп салган. Төмөндө сиздерге макаланын кыскартылган котормосун сунуштайбыз:

Макаланын авторлору: Даниэль Дилан-Бемер (Daniel Dylan-Böhmer), Максимилиан Калькоф (Maximilian Kalkhof), Саша Ленартц (Sascha Lehnartz), Павел Локшин (Pavel Lokshin), Кристиан Путч (Christian Putsch)

— Европалык басылмалардын дээрлик көпчүлүгү Жо Байденди колдоп жатат. Мисалы «Die Welt» басылмасы Байден шайлоодо жеңсе, Иран менен да, Орусия менен да мамилени жөнгө салат деп эсептейт. А бирок Кытай үчүн бул ыңгайсыз, себеби Байден Кытайга каршы Европа менен бириксе, абал чатак, — дешет макаланын авторлору.

Учурда көптөгөн өлкөлөр АКШдагы шайлоолорду дыкаттык менен күзөтүп турушат. Албетте ар ким өзүнүн улуттук кызыкчылыгынан улам, бири Байденди колдосо, экинчиси Трампка жан тартууда. Европа ар кандай ача пикирлер болорун билсе деле, Байдендин жеңишинен үмүт кылып келет.

Европа акыркы жумада АКШдагы шайлоонун жыйынтыктарын сурамжылоолор аркылуу байкоо салууда. Эки талапкердин ортосундагы айырмачылык канчалык азайган сайын европалыктар ошончолук тынчсызданууда. Эгер Дональд Трамп кайра шайлана турган болсо, анда Европанын көпчүлүк саясий элитасы депрессияга түшүп кетүүсү мүмкүн. Европалык лидерлер өздөрүн стратегиялык көмөкчүсү жок сезип калат. Анткени буга чейинки төрт жыл аралыгында Трамп континенттин лидерлерин бир канча жолу ыңгайсыз абалга калтырган болчу.

Мисалы, НАТОну «эскирген уюм» атоо, «Чоң жетинин» билдирүүсүнө кол койбоо, Иран менен болгон ядролук келишимден баш тартуу, климат боюнча Париж келишиминен чыгуу сыяктуу кадамдарын айтсак болот.

Эгер Байден бийликке келсе, анда Европа менен Американын ортосунда чыныгы гармония пайда болобу? Бул да — талаштуу суроо. Албетте, мамиле достук менен уланып, бир канча маселелерде бир пикирге келе алуунун өзү прогресс болмокчу. Байден менен Европаны байланыштырып турган нерсе — демократ талапкердин көп тараптуу институттарга басым жасоосу жана климат боюнча Париж келишимине кайра кирүү демилгеси болуп саналат.

Ошол эле убакта Байден президент болуп калса деле европалыктардан коопсуздук тармагына ар ким өзү кам көрсүн деген талапты коет. Мындай талапты Обама да койгон болчу. Мындан сырткары соода маселесинде Байден деле америкалык кызыкчылыктарды коргой турганы айдан ачык.

Орусия

Кремль Байдендин президент болуусунан эч кандай жакшылык күтпөйт. Трамп учурунда деле Владимир Путинге карата жакшы мамилесине карабай, эки тараптуу кызматташтык нөлгө түшүп калган. Москва менен Вашингтондун ортосундагы «Чоң келишим» да, тилекке каршы, ишке ашкан жок.

Трамп Орусияга жаңы экономикалык санкцияларды киргизди, дипломатиялык согуш, Кремлдин союздаштары Иран, Сирия жана Венесуэлага карата басымдар күчөдү.

Москванын көз карашында, Трамп – алсыз президент. Ал Орусия менен мамиленин жакшыруусуна каршы чыккан америкалык саясий элита менен күрөшө алган жок. Байден президент болсо деле Москва менен мамилесинде эч нерсе өзгөрбөйт. Америка мурунку конфронтациялык багыты боюнча Украинага аскерий жардамын көбөйтүүсү мүмкүн.

Ошондой эле Кремль Байден Орусиянын «эски күнөөлөрүн» оңойлук менен кечирбестигин билип турат. Тагыраак айтканда, 2016-жылы шайлоо кампаниясында демократ Клинтондун дискредитациялануусуна орусиялыктар киришкен деген кинени Байден оңой эле унутуп койбосо керек.

Орто Чыгыш

Трамп 2018-жылы май айында Иран менен түзүлгөн ядролук келишимден чыкканын жарыялагандан бери Тегеран менен мамилеси курчуп кетти. Ирандыктардын америкалыктардын базасына кол салуусу, генерал Касем Сулейманинин өлүмү ж.б. Азыркы тапта Перс булуңундагы конфликт убактылуу токтоп турат. Бул конфликт АКШдагы шайлоолордон соң кайра жанданышы да мүмкүн.

Эгер Трамп шайлоодо жеңсе, ал Орто Чыгышка карата басымын дагы да күчөтүүнү баштайт. Анын максаты: Иранды уранды кайра иштетүүдөн толугу менен баш тарттыруу жана ракеталык программасын токтотуу.

Байдендин максаты ал вице-президент кезинде түзүлгөн өзөктүк келишимди кайра жандандыруу. Бирок ал дагы Иранга карата жаңы жана катаалыраак чектөөлөр менен келишим түзүүнү көздөп турат. Бирок Байден кандай чектөөлөр экенин айткан жок. Бул жерде Байден басым көрсөтүүгө эмес, сүйлөшүүлөргө көңүл бөлө турганын түшүнүүгө болот.

Ал эми АКШнын Перс булуңундагы аравиялык союздаштары үчүн Иран номер биринчи душманы бойдон кала берет. Бирок алар да Трамптын саясатына сын көз карашта. Анткени Аравия Иран менен АКШнын тирешинен экономикалык туруксуздукка дуушар болду, ошондой эле ирандыктардын мунай базага чабуулуна карата америкалыктардан керектүү колдоо алган жок. Бул чөлкөмдө Израил Трамптын саясатын колдоосун улантуусу реалдуулукка жакыныраак. Себеби БАЭ менен тынчтык келишимин түзүүдө АКШнын көмөгү тийди. Палестина менен тирешүүдө да Трамп Израилди толук колдоп берди.

Байден АКШ менен палестиналыктардын мамилесин чыңдоого аракет кылышы мүмкүн. Палестина бийлиги да Байдендин жеңишинен үмүт кылып турган чагы.

Кытай

Пекин америкалыктардын президенттик шайлоосунан кийин «чоктон чыгып, отко түшкөндөй» эле абалда калуусу мүмкүн. Трамптын бийлигинин тушунда АКШ менен Кытайдын мамилеси 1970-жылдардагыдай эң төмөнкү деңгээлге түштү. Республикачыл саясатчынын бийлик башында дагы төрт жыл калуусу Пекин үчүн катастрофа. Ошол эле учурда демократ бийликке келсе деле «шекердей таттуу» жашоо болот деп айтуу кыйын. Кытайлыктардын көйгөйү Вашингтондо эки партия тең Кытай маселесинде бир пикирде экенинде жатат. Эки партия тең Кытайга карата адам укугу жана соода-сатык маселесинде катуу позицияны карманат. Жадагалса Байден Кытайга каршы турууга Европа менен биргеликте иш алып барарын айтууда. Трансатлантикалык альянстын Пекинге карата мындай маанайы – Трамптын АКШ президенти болуп калуусунан да коркунучтуурак болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM