Биз менен байланышыңыз

Жапаров, Жээнбеков жана Отунбаева Ата-Бейитке барды (фото)

Кыска кабар | 7 Ноя 2020 | 846 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев катышты.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. Аларга багышталып куран окулду.

Эскерүү иш-чаралары «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейинде жыйынтыкталды.

Copyright © 2017 Maral FM