Биз менен байланышыңыз

Кыргыз басма сөзүнө 96 жыл толду

Кыска кабар | 7 Ноя 2020 | 402 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет.

Быйыл кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына — 96 жыл толду. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2020-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары 1800 субъект жана 126 телерадиокомпаниялар катталган.

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон. Анын негизинде 7-8-ноябрда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү расмий белгиленип, бул күндөр дем алыш деп жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM