Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова турнирге катышат

Кыска кабар , Спорт | 5 Ноя 2020 | 520 | 0

Кыргыз өлкөсүнүн белгилүү балбаны, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Польшанын борбору Варшава шаарында өтө турган «Poland Open» аттуу эл аралык турнирге катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Вируска байланыштуу ортодогу узак мөөнөттүү тыныгуудан кийин кайрадан күрөш боюнча турнирге катышуу үчүн Варшавага учтук. Аман-эсен Стамбулга келип алдык. Аялдар күрөшү боюнча «Poland Open» эл аралык турнирине бара жатабыз. Убакыттын тардыгына байланыштуу жетерибиз менен дароо күрөшөм. Баары жакшы! Болгону Кыргыз өлкөсүнөн чет жерге чыгуу абдан оор болуп калыптыр. Аэропорттон чыгууда көп кыйынчылыктар болду. Ооба, азыр вирус учурунда, албетте, тартипти баарыбыз сакташыбыз керек. Турнирден кийин атайын машыгууларыбызды Польшада улантабыз», — деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган. Андан соң 2020-жылы Токио шаарында өтөрү белгиленген дүйнөлүк олимпиадага даярдык көрүүсүн баштаган. Тилекке каршы, дүйнө жүзүнө жайылган коронавирус пандемиясына байланыштуу олимпиада 2021-жылга жылдырылганы кабарланган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM