Биз менен байланышыңыз

Депутат Жумалиев Сыймык Жапыкеевди сотко берерин айтты

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 838 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Финансы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеевди сотко берет. Бул тууралуу ал журналисттерге берген маегинде айтты.

«2005-2017-жылдар аралыгында менин 34 мүлкүм болгон. Алардын көпчүлүгү киреше бербейт. Учурда тогузу гана калган. Анын баарын өз мээнетим менен тапкам. Жапыкеев мен жөнүндө туура эмес маалымат таратып, каралап жатат. Кызмат абалынан пайдаланып, кечээ мага караштуу мүлктөрдү террористти кармаган сыяктуу куралчан адамдары тинтип кетиптир», — дейт Жумалиев.

Депутат Жапыкеевди ушул иши үчүн сотко берерин айтууда.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкектеги «Гоин», «Таатан» соода борборлоруна жана Инновациялык технологиялар эл аралык университетине тинтүү жүргүзгөн.

Тинтүү жүргүзүлгөн Инновациялык технологиялар эл аралык университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири депутат Кубанычбек Жумалиев экени белгилүү. Анын андан тышкары «Гоин» жана «Таатан» соода борборунда да үлүшү бар экени маалым.

Финполдун азыркы жетекчиси Сыймык Жапыкеев жарандык активист катары буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандагы бир нече саясатчыны күмөн жол менен байыган деп айыптап келген. Сындалгандардын арасында Жумалиев да бар болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM