Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз бийлиги израилдик лобби компания менен 1 млн долларга келишим түзгөн»

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 5457 | 0

Садыр Жапаров башында турган Кыргызстандын өкмөтү башка өлкөлөрдүн расмийлери менен жолугушуу уюштуруу үчүн канадалык лобби компаниясы менен 1 млн долларга келишим түздү. Бул тууралуу ForeignLobby.com сайты жазды.

Маалыматта кыргыз бийлиги чет элдик донорлордон жардам алуу жана АКШ, Израиль, араб өлкөлөрүнүн расмийлери менен мамиле куруу үчүн баш кеңсеси Монреалда жайгашкан Dickens & Madson Canada лобби компаниясы менен келишим түзгөнү айтылат. Ал компаниянын жетекчиси Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери Ари-Бен Менаше болуп саналат.

ForeignLobby.com сайты Ари-Бен Менаше менен телефондо маек курганын жана кыргыз өкмөтү учурда анын кызмат көрсөтүүсү үчүн келишимдеги сумманын жарымын (500 миң доллар) бергенин айткан. Ошондой эле ал фирма Кыргызстандын өкмөт башчысы Садыр Жапаровду Американын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугуштуруу милдетин алганын маалымдаган.

Мындан сырткары макалада кыргыз бийлиги азыр каржылык колдоо алуу үчүн бардык тараптар менен кызматташууга даяр турганын, кызматташтык үчүн өлкөдөгү айрым кен байлыктын түрлөрүнө, айыл чарбасына, пахта өстүрүү секторуна чет элдиктерди кызыктырууга аракет кыларын кошумчалаган.

Ошондой эле Питтсбург университетинин башкаруу жана рынок борборунун директору Женнифер Муртазашвили да ForeignLobby.com басылмасына Кыргызстан тууралуу маек берип жатып: «Кыргызстандын учурдагы бийлигинин бул аракетин оппортунисттик мамиле катары кабыл алам. Камырды дубалга ыргытып, жабышабы же жабышпай калабы деп карап тургандай болуп жатат», — деген.

Макаланын толук варианты бул жерде:

Kyrgyzstan’s new president signs $1 million lobbying deal with eye toward US-Israel-Gulf aid partnership

Copyright © 2017 Maral FM