Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев: Тойканаларды 15 күнгө жабабыз

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 555 | 0

Бишкек шаардык мэриясы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тойканаларды жабуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Facebook баракчасына жазды.

Ал массалык иш-чараларды өткөрүп жаткан тойкана ээлерине эскертүү берип, элдин ден соолугу менен ойноодон алыс болууга чакырды.

«Коронавирус кооптуу абалга келе жатат. Жалдырасак да, сурансак да болбой атасыңар. Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Тойкана ээлери бул сөз силерге. Элдин ден соолугу менен ойноп жатасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлоп атабыз», — деди Түлөбаев.

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 60 774 адамга жетти, каза тапкандар — 1163 адам. Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоонун күчөшү менен COVID-19 вирусунун экинчи толкуну болуп жатканын эскертип, элди санитардык нормаларды сактоого чакырууда.

Өлкөдө акыркы айда массалык чогулуулар, той-топурлар кескин көбөйгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM