«Кыргызстан» партиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевди президенттикке талапкер катары көрсөткөнү айтылып жатат. Бул кабарды 24.kg агенттиги жазды.
Бүгүн парламент жыйынында депутат Талант Мамытов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, маалыматты четке каккан жок, бирок комментарий берүүгө бир аз эртерээк экенин билдирди.
Өткөн жумада Канатбек Исаевге депутаттар тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтолуп жатканы кабарланып, парламенттин төрагалыгына депутат Талант Мамытовдун келери айтылган.
4-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов эгер парламент тарабынан спикерликке талапкерлиги сунушталса, баш тартпай турганын айтты.
Президенттикке катышуу үчүн Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырышы керек болот.
Президенттикке талапкерлер бере турган документтердин тизмеги