Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Жапаровдун эл менен жолугушуусунда санитардык эрежелер толук сакталууда

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 729 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун аймактардын тургундары менен жолугушуусунда тийиштүү санитардык чаралар толук сакталууда. Бул тууралуу өкмөттүн бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылды.

Коронавирус илдети күч алып турганда Садыр Жапаровдун аймактарда көп сандаган эл менен жолугушуусу коомчулукта нааразылык жаратып жатат.

2-4-ноябрда Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды. Анда ал жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүүдө. Баткендеги стадиондо Жапаровду көрүүгө келген элдин саны 2 миңден ашканын жергиликтүү ЖМКлар кабарлаган.

«Коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча чараларга олуттуу мамиле жасап, аймактарда анын жайылышына бөгөт коюу чараларына басым жасоо керек. Буга байланыштуу Садыр Жапаров менен жолугушууга келген жарандар иш-чаранын алдында коргоочу маскаларды жана колду дезинфекциялоочу каражаттарды бекер алышууда. Натыйжада, Садыр Жапаровдун аймактар боюнча жумушчу сапарынын учурунда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча тийиштүү санитардык чаралар толук сакталууда», — дейт өкмөттүн маалымат кызматы.

Copyright © 2017 Maral FM