Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Реформалар жана референдум боюнча тийиштүү адистер иштеп жатат

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 400 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жана Ош облусунун эли менен жолугушту.

Жапаров 2020-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо боюнча позициясын билдирип, талапкер катары катышарын айтты.

«Президенттик шайлоонун мөөнөтүн эмне үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы белгиледи?» — деген суроолор берилүүдө. Жогорку Кеңеш өз убагында президенттик шайлоонун датасын белгилей алган жок. Ошондуктан бул милдет автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына өттү. Мыйзам чегинде БШК шайлоо күнүн белгиледи. Мен буга чейин айтканымдай, шайлоого катышам. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адам – мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын баарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, кадимки жаран катарында катышам», — деди Жапаров.

Ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбейт деп ишендирди.

Садыр Жапаров шайлоону өткөрүүдө Конституциянын ченемдерин так сактоо керектигин белгиледи.

«Эмне үчүн Президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн чогуу өткөрүүгө болбойт?» — деген суроо берилүүдө. Биз: «Конституциялык-укуктук багытка кайтып келдик», — деп дүйнөгө жар салып жатабыз. Демек, Конституциянын ченемдерин так сактайлы, легитимдүүлүк сакталуусу керек. Конституциянын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти гана Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт. Ошондуктан биринчи президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек», — деди Жапаров.

Ошондой эле партиялык система жана конституциялык реформа боюнча сөз кылды. Анын пикиринде, партиялык система 10 жылда өлкөнү талкалады: кландык системаны жаратты; элди бай-кедейге бөлдү; уюшкан коррупциянын гүлдөшүнө алып келди.

Ошондуктан элдин суроо-талабын аткаруу максатында конституциялык реформаларга баруу зарыл. Жапаровдун айтымында, учурда реформалар жана референдум боюнча тийиштүү эксперттер, адистер иштеп жатат.

«Эл менен акылдашмайынча эч кандай референдум болбойт. Башмыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр боюнча ар бир жарандын сунушу эске алынат. Элдин эрки жана акыйкаттуулук – бул: түбөлүктүү сөздөр. Мен үчүн элдин талабы, бийлиги жана эрки – баарынан улук», — деди Садыр Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM