Биз менен байланышыңыз

Кожоналиев: Бийлик менен ОПГ — «табакташ»

Саясат | 3 Ноя 2020 | 841 | 0

«Мыйзамдагы ууру» атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары таанылган Камчы Көлбаев 22-октябрда Бишкек шаарында кылмыштуу уюм түзгөн же ага катышкан деген шек менен кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында. Бүгүн Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды кароону токтотту. Анткени Көлбаевдин жактоочусу арызды кайтарып алган. Ошондой эле бүгүн УКМК кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн жашаган жерин санкциянын негизинде тинтүүгө алып, ар түрдүү үлгүдөгү курал-жарак, ок-дары жана 15 бычак тапкан. Учурда УКМКнын атайын кызматы криминалдык топторду жоюу боюнча иш жүргүзүп жатканын билдирүүдө. Уюшкан кылмыштуу топтун Кыргызстандагы орду жана ага каршы күрөш тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз.

ИИМ буга чейин Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч негизги кылмыштуу топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топ расмий катталганын маалымдаган болчу. Кылмыштуу топтор башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда да бар экенин, алар саясатчылар менен да кызматташарын, мунун далили катары Азиз Батукаевдин бошотулушун айтса болорун мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев билдирди.

«Кыргызстанда да атам замандан бери, коррупция кандай болсо, кылмыштуу топтор да ошондой эле келе жатат. Алар менен күрөш кээде күчөтүлсө, кээде жайлайт. Укук коргоо органдары булар менен күрөшүүдө үстөмдүк кылбаса, анда биздин жашоо-турмушубуз уюшулган кылмыштын алдында болуп калышы мүмкүн. Эң башкысы, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бийликке өтпөшү керек. Мурда соттолгон деген макамы бар адамдар бийликке келгенге тыюу салынган. Батукаевдин ишине байланыштуу далай адамдар соттолду, прокурорлор бар, министрлер бар, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге чейин байланышы бар экендигин сот далилдеп, бүгүнкү күнгө чейин соттоп жатат. Демек биздин коомдо андай көрүнүштөр бар десе болот. Оркойгон эле нерселерди жашырып чыгарбай жатса, демек, саясатчылар менен да кызматташат» , — деди Кубатбек Кожоналиев.

Кыргызстанда бардык бийликтин башчылары уюшкан кылмыштуу топ менен тымызын байланышып, таасирин пайдаланып, шайлоолордо алардын жардам алып келгенин генерал-майор, коопсуздук боюнча эксперт, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур  Медетбеков айтты.

Ал белгилегендей, уюшкан кылмыштуу топтор жана алардын башчылары жеке эле Кыргызстанда эмес, башка чет мамлекеттик уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары менен да көптөгөн кылмыш иштеринде биргеликте шугулданышат.

«Мисал үчүн наркотрафик жолун түзгөндө, баңги бизнесин өнүктүрүүдө, уюшкан кылмыштуулук өзгөчө Борбордук Азияда чоң роль ойнойт. Кыргызстан аркылуу Казакстан, Орусия жана Батыш Европага чейин жеткен учурлар абдан көп. Андан тышкары уюшкан кылмыштуулук өзүнүн таасирин Орусияда, Казакстанда жүргөн биздин мигранттарга ошол жактагы уюшкан кылмыштуу топтор менен чогуу аларды кордоп, акчаларын алып өздөрүнө иштеткенге көп жолу мисалдар көрүнгөн. Албетте укук коргоо органдары кылмыштуулук менен күрөшүүдө чабалдыгын бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүп жатат», — деди Медетбеков.

Мындан сырткары, ал Камчы Көлбаевдин камалышын уюшулган кылмышка каршы күрөшүүдөгү бир кадам катары санаса боло турганын, бирок аны кармоодон мурда далил топтоо керектигин кошумчалады.

Жарандык активист Семетей Талас уулу кримтөбөл Камчы Көлбаев баштаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн камалышын элдин көзүн убактылуу будамайлоо катары санап, чыныгы күрөшүү мыйзам негизинде жүрүшү керек дейт.

«Уюшкан кылмыштуу топ менен байланышкандардын баарына «тотальный» күрөш жарыялаш керек. Булардын 2500 армиясы бар. Анын  баарын мамлекет кармап бүтө албайт. Алар болгону күрөшүп жаткан сыяктуу көрүнүшөт. Бул негизи жалпы күрөш деп айтылбайт. Уюшкан кылмыштуу топко эмес, ошол топко жардам берип келген, пара алып эрте бошоткон сотторго, прокурорлорго — бүт баарына кылмыш иши козголушу керек. Ошондо сестенет» , — деди Семетей Талас уулу.

Эске салсак, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Мирлан Каниметов өлкөдө бир да уюшкан кылмыштуу топ жок экендигин айткан. Андан соң мурдагы Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ИИМдин ыкчам каттоосунда 3 уюшкан кылмыштуу топ жана алардын катарында 421 жаран мүчө экендигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM