Биз менен байланышыңыз

USAID онунчу Борбор Азиялык соода форумун онлайн өткөрөт

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 406 | 0

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) онунчу Борбор Азиялык соода форумун онлайн өткөрөт. Борбор Азияда соода жүргүзүүнү жана байланыштуулукту өнүктүрүүгө арналган эл аралык форум 2020-жылдын 16-20-ноябрында өтөт.

Быйылкы форумдун темасы «Борбор Азия – өсүү жана гүлдөп-өнүгүү» деп аталат. Ал COVID-19 пандемиясынан кийин экономикалык калыбына келүү убагында Борбор Азиядагы жаңы тенденцияларды жана рыноктун реакцияларын изилдөөгө арналат.

Беш күндүк иш-чара глобалдык жана жергиликтүү эксперттерди, новаторлорду жана эксперттердин катышуусу менен Zoom, Facebook жана YouTube платформаларында өтөт.

#CATF-2020 форумуна акысыз www.catradeforum.org сайты аркылуу катталса болот. Ошол эле жерде толук күн тартиби жана спикерлер жөнүндө маалымат менен таанышууга болот.

Катталгандар Борбор Азиядагы товар ташуу тутумуна COVID-19дун таасири, туризмди калыбына келтирүү, аймактык энергетикалык рынокту өнүктүрүү, электрондук сооданын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда диалог, аймактардан чыккан аял ишкерлердин тажрыйбасы жана башка темалары боюнча талкууларга катыша алышат.

Мындан тышкары форумда Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын 20дан ашык жашылча-жемишти иштетүү ишканалары коңшу өлкөлөр, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Алар Бүткүл дүйнөлүк чекене соода форумунун [www.eximexpo.kz] негизинде жүрөт.

Акыркы он жылда Борбор Азиялык соода форуму жаңы тенденциялар жөнүндө билүү, идеяларды алмашуу, байланышты өнүктүрүү жана бизнес жүргүзүү үчүн 30дан ашык өлкөдөн чыккан 5 миңден ашык бийлик өкүлүн, ишкер адамдарды жана идея көтөргөн лидерлерди бириктирди.

Акыркы он жылда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда товар жүгүртүү эки эседен ашык көбөйдү жана жылына болжол менен 6 миллиард долларды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM