Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Күн нурунун тишке чоң пайдасы бар

Дабагер , Пикирлер | 2 Ноя 2020 | 530 | 0

Күндүн нурунун тишке чоң пайдасы бар. Бул тууралуу стоматолог Асира Чыныбаева «Марал» радиосунун «Мединфо» программасынын алкагында айтты.

«Биз айыл жергесинде жашагандар менен шаарда жашагандардын тиштерин салыштырып караганыбызда, айылда жашагандардын тиштери бекем болорун байкадык. Ал эми шаарда жашагандар канча витаминдүү тамак колдонбосун, тиштери морт келип, көп ооруп, көп жабыркайт. Себеби шаардагылар көбүнчө эртеден-кечке офисте иштешет, Күнгө чыгып жүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү аз. Айылдагылар дайыма короодо, эшикте Күн алдында жумуш кылышат. Күндүн нуру тишти бекемдеп, тамак сиңирүүнү да жакшыртат. Биз кардарларыбызга Күндүн нурунда сейилдөөнү сунуш кылабыз. Ошондой эле Күндүн нурунун жалпы организмге да чоң пайдасы бар», — деп билдирди дарыгер Асира Чыныбаева.

Баланын тишине түйүлдүк кезден баштап кам көрүү зарыл

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM