Биз менен байланышыңыз

Баланын тишине түйүлдүк кезден баштап кам көрүү зарыл

Дабагер , Пикирлер | 2 Ноя 2020 | 1618 | 0

Баланын тишине түйүлдүк кезинен кам көрүү керек. Бул боюнча стамотолог Асира Чыныбаева «Марал» радиосунун «Мединфо» программасында айтып берди.

Дарыгердин айтымында, кош бойлуу эне туура тамактанбаса, кийин баланын тиши чыкканда ар кандай көйгөй жаралып, тиш оорулары көп болот. Ошондуктан биринчи кезекте кош бойлуу эне тамактануусуна көңүл буруусу зарыл. Курамында кальцийи көп азыктарды колдонуу — тишке пайдалуу. Эгер андай азыктарга шарт жок болгон учурда дарыканадан атайын калций сатып алып ичип туруу керек.

Эртең менен турганда сөзсүз тамак ичердин алдында оозду чайкап, тишти жууш керек. Анткени уктап жатканда өт суусу оозго келиши мүмкүн жана жеген тамак-аштардын калдыгы тиштин арасында калып, таң аткыча микробдор көбөйөт. Аны жутуу тишке да, ашказанга да зыян.

Мындан сырткары кош бойлуу аялдар тамакты өз убагы менен ичүүсү — тиш үчүн да маанилүү. Себеби тамак сиңирүү туура эмес болгон учурда тишке зыянын тийгизет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM