Биз менен байланышыңыз

Президенттикке ким талапкер боло алат?

Саясат | 2 Ноя 2020 | 1095 | 0

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Мыйзамга ылайык, президент кызматтан кеткенден кийин мөөнөтсүз шайлоо үч ай ичинде өтүшү керек. Эгер парламент президент кызматтан кеткенден кийин бир жума ичинде шайлоо күнүн белгилебесе, сегизинчи күнү шайлоо расмий түрдө белгиленди деп эсептелет.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону уюштуруу боюнча календардык план жарыялады. Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн жактар 14-ноябрга чейин арыз берип бүтүшү керек. Ал эми колдогон кол тамгалар 3-декабрга чейин кабыл алына тургандыгын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

— Кыргыз Республикасынын президенти кызматына — Кыргызстандын жараны, өлкөдө жалпы 15 жылдан кем эмес убакыт жашаган, мамлекеттик тилди ортодон жогору билген, 35 жаштан өйдө, 70 жаштан төмөн, шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтогон адам талапкер боло алат. Ошондой эле соттуулугу жок болушу керек. Соту мыйзамда көрсөтүлгөн жол менен алынып салынбаган, тактап айтканда, соту жоюлбаган жаран талапкер катары каттала албайт, — деди Бекматов.

Кыргызстан буга чейинки парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн Түркиядан 100 миң доллар жардам сураган болчу. Ал эми президенттик шайлоону өткөрүү үчүн Кыргызстан Швейцариядан жана Казакстандан жардам сурагандыгы айтылууда. Алдыдагы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого 549 млн сом керектеле тургандыгын Бекматов маалымдады.

— БШКнын отурумунда президенттик шайлоону даярдоо, өткөрүү үчүн 549 млн сом өлчөмүндө чыгымдардын сметасын бекиттик. Аны бөлүп берүү боюнча биз Каржы министрлигине жана Өкмөткө жөнөттүк. Алар этап-этабы менен бөлүнөт, бул жылга 300 миллион сомдон көбүрөөк акча керектелет. Кийинки жылга 140 миллион сомдун тегерегинде керектелет, — деди Бекматов.

БШКнын маалыматына ылайык, 10-ноябрга чейин www.tizme.gov.kg сайтында шайлоочулардын алгачкы тизмеси жарыяланат. 18-ноябрга чейин добушканаларда тизмелер илинет. Жарандар форма-2 менен добуш бере албай тургандыгын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Бекматов кошумчалады.

«Форма-2ни» конституциялык мыйзамдан Кыргызстандын ичинде алып салды, «Форма-2» менен барып добуш бере албайт. Ошондуктан жарандарыбыз пасопрттогу белгини жашаган жерине алмаштырыш керек. Шайлоо комиссияларынын мүчөсү, байкоочулар жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү гана өзүнүн катталган жерин өзгөртүп, өзүнүн бөлүнгөн жеринде шайлоого катышуу укугун алат. Калган катышуучулардын баары паспортто катталган жери аркылуу добуш берет, —  деди Бекматов.

19-ноябрда ар бир шайлоо учаскасына шайлоочулардын алдын ала тизмеси илинет, 19-декабрга чейин көзөмөл тизме жүргүзүлөт, ал эми акыркы тизме шайлоого беш күн калганда чыгарылып, ар бир шайлоо тилкесине БШКнын мөөрү менен номерленген акыркы тизме чыгарылат.

Ошол эле учурда алдын ала тизме чыккандан кийин аты-жөнүндө жана дарегинде так эместиктер катталган учурда «Форма-1» боюнча арыз жазып, оңдоого мүмкүнчүлүк болот.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январда бүтөт. Шайлоо күрөөсү — миллион сом. Бүгүнкү күнгө карата президенттикке катышуу үчүн 5 адам арыз берген. Эскерте кетсек, президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров өзү да декабрда кызматын тапшырып, президенттик шайлоого катышарын жарыялаган.

Кыргызстандын президенти 6 жылдык мөөнөткө шайланат, өлкөдөгү акыркы болуп өткөн окуялардан улам 2017-жылдын 1-октябрында шайланып, ошол эле жылдын 15-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Президенти кызматын аткарууга киришкен Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кызматын тапшырып берген.

Ошол эле күнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Сооронбай Жээнбековго экс-президент статусун берүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM