Биз менен байланышыңыз

Молдова: Президенттик шайлоодо оппозициячыл талапкер алдыга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 362 | 0

Молдовадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөө дээрлик аяктап калды. Өлкөнүн БШКсы добуштардын 99,11%ы эсептелгенин айтты.

Алдын ала жыйынтык боюнча, учурдагы президент Игорь Додон 33,01% добуш алды. Ал эми анын атаандашы оппозициялык партиянын лидери Майя Санду 35,61% добуш менен алдыга озуп чыкты. Тагыраак айтканда, проевропалык саясатчы, мурунку премьер-министр шайлоонун биринчи турунун жеңүүчүсү болду.

Эми президенттик шайлоонун жеңүүчүсү 15-ноябрда өтө турган шайлоонун экинчи турунда аныкталмакчы.

Кечээ жекшембиде өткөн шайлоого шайлоочулардын 40%ы катышты. Бул минималдуу босогодон өткөн деп бааланып, БШК шайлоону өттү деп тааныды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM