Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште иштегендердин айлыгы ушул аптада берилет

Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 257 | 0

Жогорку Кеңеште иштегендердин айлык акысынын кечигип жатканы тууралуу түшүндүрмө берилди.

5-6-октябрдагы болуп өткөн окуялардан улам Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып, уурдалып, документтер жоголгондугуна байланыштуу тиешелүү эсеп-кысап бөлүмүнүн ишинде да көйгөйлөр жаралган. Буга байланыштуу кызматкерлердин жана жумушчулардын айлыгын берүү убагынан кечеңдеди.

«Учурда документтерди калыбына келтирүү менен эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Каралган акча толук бойдон ушул аптанын жума күнүндө төлөнүп берилет», — деп айтылат Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM