Биз менен байланышыңыз

Жапаров милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Ноя 2020 | 1309 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерди милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппараты маалымдады.

Анда милиция кызматкерлери татаал шартта өз милдеттерин аткарып, мыйзамдын, адам укуктарынын сакчылары болууда жана уюшкан, улут аралык мүнөзгө айланган кылмыштуулукка, терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүп келе жаткандыгы айтылат.

-Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдардын бекем сакталышын көздөп, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрөт деп сиздерге терең ишенем,-деп айтылат куттуктоодо.

Эскерте кетсек, 1-Ноябрь — Милиция кызматкерлеринин күнү. Алгач 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун чечими менен жергиликтүү милиция түзүлүп, анын жетекчилигине Аркадий Арумов дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM