Биз менен байланышыңыз

Башмыйзам коррупция менен күрөшүүдө тоскоолдук жаратпайт

Саясат | 30 Окт 2020 | 615 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында 29-октябрда Өкмөтүнүн жаңы курамынын алгачкы жыйыны болду. Садыр Жапаров отурумду ачып жатып, өлкө жеңил эмес кырдаалга туш болгонун белгилеп, ишмердүүлүгүндөгү башкы артыкчылыктар мамлекеттин бүтүндүгү жана тынчтыгы, ошондой эле отуз жылдан бери келе жаткан коррупция менен күрөшүү экендигин билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун айтымында, коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатат жана аны конституциялык реформа жасагандан кийин гана жоюуга мүмкүн.

«Муну өзүңүздөргө белгилүү болгондой, алдыдагы конституциялык реформаларды жасап, башкаруу системасына өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин гана жоё албасак, азыр жоюу өтө татаал экен«, — деди Жапаров.

Бирок айрым серепчилер коррупция менен күрөшүүгө Конституция жана башкаруу системасы эч качан тоскоолдук жаратпасын белгилешип, Жапаровдун жыйындагы сөзүн шылтоо катары баалашууда.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, коррупция менен күрөшкөн бардык органдар президентке баш ийет.

«Биринчиден, президент түздөн-түз Башкы прокуратурага талапкерлерди көргөзөт. Экинчиден, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы толугу менен президентке гана көз каранды. Президент башчысын өзү дайындап, өзү алат. Мындан сырткары президент Коопсуздук кеңешинин башчысы болот. Ошондуктан президент өзү буйруктарды берип, максаттарды коюп, алар аткарбаса, жоопкерчиликке тартканга түздөн-түз ыйгарым укугу бар. Коррупция менен күрөшүүнү Конституцияга шылтоологону — манипуляция. Анткени коррупция менен күрөшкөнгө досторун да, керек болсо тугандарын да отургузганга даяр болушу керек, башкача айтканда, саясий эрки болуш керек. Бизде болсо алар келип алып, коррупция менен күрөшөбүз деп коюп, саясий оппоненттер, жарандык активисттер менен күрөшөт, бирок жанындагы достору, кызматкерлери, колдоочулары президенттин атын жамынып алып, байып жатканына көз жумат», — деди Ошурахунова.

Ошондой эле ал Жапаровго эл ишенгенин, бирок кечээ Башмыйзамды шылтоолоп коррупция менен күрөшө албай турганын айтып, буга чейинки президенттерге окшоп баш тартканын сынга алды. Мындан сырткары, президенттин эрки жетсе, Конституцияны шылтоолобой күрөшүүгө болорун эске салды.

Башмыйзамда коррупция менен күрөшүүгө тоскоолдуктар деле жок экенин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашов айтты. Бирок мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги жакшы каралбай калгандыгы коррупцияга жол ачып жатат.

«Парламент депутаттарынын жоопкерчилиги жок, себеби Башмыйзамда эркин мандат деп берилген. Парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүп, партиялардын да саясий жоопкерчилиги жок. Партия башчылары мандаттарды сатып жатат. Жалпы эле мамлекеттик бийликтин жоопкерчилиги жакшы каралбай калган. Мамлекеттин бутактардын өтө чоң ыйгарым укуктары бар, бирок алардын да жоопкерчилиги жокко эсе. Болгону президентке импичмент жарыялоо гана айтылган. Парламент менен өкмөттүн ыйгарым укуктары президенттикинен жогору, бирок жоопкерчилиги каралбай калган. Мындан улам мыйзамды каалагандай бузганга, коррупцияга жол бергенге мүмкүнчүлүгү өтө чоң», — деди Бөрүбашев.

Ошондой эле ал конституциялык реформага бармайынча, коррупциялык системаны толук талкалап жоготуу оор боло турганын кошумчалады.

Ал эми экс-депутат Ишенбай Кадырбеков коррупция менен күрөшүүдө Конституциянын тиешеси жок экенин билдирди.

«Мамлекет кандай жол менен кете тургандыгы, жеке жарандын укуктары, бийлик канчага бөлүнөт, алардын ыйгарым укуктары — Конституцияда ушундай негизги маселелер гана киргизилген. Андан кийин Конституциянын негизинде мыйзамдар кабыл алынат. Жүздөгөн-миңдеген мыйзамды ким бузса, ошолор коррупция деген берене менен жоопко тартыла берет. Коррупция деген — бул: жалпы берене. Коррупциянын ичине Кылмыш-жаза кодексиндеги көп беренелер кирет. Анын ичинде «урдоо», «казынага кол салуу» деген сыяктуу көп беренелер бар, аларды комплекстүү коррупция деп коет. Конституциянын буга бир да тиешеси жок», — деди Кадырбеков.

Кадырбеков ошондой эле «конституциялык реформа жасоо менен гана коррупцияны жоюу мүмкүн» деген түшкө кирбеген аргумент жана жөн гана шылтоо экендигин кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүүдө акыркы эки жыл ичинде 135-орундан 126-орунга жылып, рейтингин 9 позицияга жакшырткандыгын экс-президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 17-сентябрында Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан.

Copyright © 2017 Maral FM