Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 29-октябрда Галина Байтеректи президенттин басма сөз катчысы кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.
Галина Байтерек 1971-жылдын 19-июлунда туулган.
Жогорку билимдүү. 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясы факультетин бүтүргөн.
1994-2001-жылдары «Баластан» балдар студиясынын режиссеру, редактору жана алып баруучусу болуп иштеген.
Балдар теле берүүлөрүнүн, өспүрүмдөр үчүн музыкалык программалардын автору.
2002-2004 жылдары — КТРдин «Дневной блок телепередач» программасынын баяндамачысы. «Тема дня» аналитикалык программасынын алып баруучусу болгон.
2004-2006-жылдары — КТРдин жарнама-коммерциялык агенттигинин «Арноо концерти» программасынын режиссеру болуп иштеген.
2007-2008-жылдары — КТРдин социалдык-экономикалык инновациялык программалар редакциясынын башкы редактору.
2009-2010-жылдары «ЭЛТР» ТРКсынын баяндамачысы болуп иштеген, «Итоги недели» аналитикалык программасын алып барган.
2010-2015-жылдары — КТРКнын социалдык-экономикалык жана инновациялык программалар башкы редакциясынын саясий редакциясынын баяндамачысы; Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу бардык түз эфирдеги программалардын алып баруучусу; «Свободный микрофон» ток-шоусунун автору жана алып баруучусу; «Стратегия-2040» президенттик программасынын алып баруучусу.
Сыйлыктары:
2011-жылы — «КТРКнын мыктысы»;
«Маданияттын мыкты кызматкери»;
2014-жылдан тарта жыл сайын «Слово Кыргызстана» жана «Кыргыз Туусу» гезиттеринин «Жылдын мыкты редактору» наамын алып келет.
Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.