Расмий түрдө бекитилген график боюнча үч учак Москвадан, калгандары Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Уфадан чыгат.
Эртең, 31-октябрда Москвадан үч, Красноярскиден бир чартердик каттам аткарылат. Азырынча эки өлкө ортосунда ырааттуу аба каттамдары качан жанданары белгисиз.
Тажикстан Орусия менен аба байланышын жандандырууга даяр экенин июлда кабарлап, Москвага кат жөнөткөн.
Эки өлкө ортосундагы аба каттамдары мартта коронавирус коркунучунан улам токтотулган.