Биз менен байланышыңыз

Өкмөт бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жиберет

Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 467 | 0

Кыргыз өкмөтү «2020-жылдын республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды.

Финансы министри Кыялбек Мукашевдин маалыматы боюнча, 2020-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 137 млн 131 миң 400 сом суммасында болору болжолдонууда. Бул 2020-жылга карата биринчи ирет такталган бюджеттин кирешесине салыштырмалуу 1 млн 784 миң 600 сомго жогору.

Республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 9 млн 733 миң 700 сомго жогорулоо менен 172 млн 772 миң 800 сомду түздү. Бюджеттин тартыштыгы 7 млн 949 миң 100 сомго жогорулоо менен 35 млн 641 миң 400 сом суммасында болору күтүлүүдө.

Кыялбек Мукашев белгилегендей, бажы жана салык чогултуулары боюнча ири жоготууларга карабастан, учурда бюджетти аткаруу үчүн ички булактарды издөө жүрүүдө. Ошондой эле ал социалдык милдеттенмелер боюнча чыгымдар, анын ичинде пенсия, жөлөк пул жана айлык акылар кармоосуз төлөнүп берилип жаткандыгын белгиледи.

Президенттин милдетин аткруучу, премьер-министр Садыр Жапаров күз-кыш мезгилине толук кандуу даярдык көрүүнүн жана пенсия, жөлөк пулдарды төлөө боюнча социалдык милдеттенмелерди аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, ал коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Бюджет боюнча мыйзам долбоору толуктап иштелип чыкккан соң, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM