Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Өз каалоом менен иштен кеткенимди интернеттен билдим

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 2069 | 0

«Кызматтан өз каалоом менен кеткеним тууралуу мен да сиздер сыяктуу интернеттен билдим». Мындай билдирүүнү мурунку Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Кочкоров кызматтан кеткендиги трагедия эмес экенин, аны Кыргызстандын азыркы абалы көбүрөөк ойлондурарын айтты.

«Кыргызстан бүгүн чоң коркунучта турат. Саясат, экономика, калктын жашоосунда болобу, өлкө чоң туңгуюкка келди десек болот. Муну пандемия да курчутуп, абалды оорлотуп жатат»,- дейт Кочкоров.

Анын айтуусуна таянсак, расмий маалыматтарда Кыргызстандын калкынын 20 пайызы жакыр жашайт. Бирок элдин 80 пайызынын тапкан кирешеси жашоо минимумуна жетпейт.

Кочкоров министр катары бул маселелерди комплекстүү чечүү боюнча чоң программа иштеп чыгып, өкмөткө сунуштаганын эске салды.

Анда пенсия, айлык акыларды 5 жылда 2-3 эсеге көтөрүү чаралары каралган.

Ал программа 2019-жылы 4-мартта мурунку өкмөт жетекчилигине сунушталган, бирок колдоо тапкан эмес.

«Бир нече жолу жазуу түрүндө да кайрылып, ушул программаны ишке ашырууга аракет кылдык, көңүл бурулган жок. Азыркы өкмөткө да айттык. Өкмөт аппаратына, премьер-министрдин тегерегиндегилерге айттык, тилекке каршы колдоо таппай жатат», — деди Кочкоров.

Ал өзү сунуштаган программа Кыргызстан калкынын жашоо деңгээлин көтөрмөк деди.

Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан жакында эле алынган. Анын ордуна мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова сунушталып, аны Жогорку Кеңеш колдобой койгон.

Кочкоров 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM