Биз менен байланышыңыз

Өкмөт ант берүүгө кеткендиктен, элчилер менен жолугушуу жылдырылган

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 389 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары, чет мамлекеттердин ардактуу элчилери, консулдары менен боло турган жолугушуусу өтпөй калган.

Буга байланыштуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирүү таратып, премьер-министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү да ошол күнгө белгиленип калганына байланыштуу Жапаровдун элчилер менен жолугушуусу башка күнгө жылдырылганын кабарлады.

Жолугушуу 28-октябрда саат 14:00гө белгиленген. Ал эми өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү да ошол күнү Жогорку Кеңештин жыйынында болгон.

Өкмөт Садыр Жапаровдун чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен жолугушуусунун күнү боюнча кошумча маалымат берилерин билдирүүдө.

Буга чейин интернетте Жапаров менен жолугушууга чакырылган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери келбей, катардагы кызматкерлерин гана жиберишкени үчүн жолугушуу өтпөй калганы тууралуу маалымат тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM