Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБинде авария болгону айтылып жатат

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 607 | 0

Бүгүн, 29-октябрда Бишкектеги подстанциялардын биринде авария болуп, шаардын дээрлик жарымы электр жарыгысыз калды.

Алдын ала маалыматтар боюнча электр жарыгынын өчкөнү Бишкек жылуулук электр борборунун иштешине да таасир этти. Бишкек ЖЭБинде уюлгуган түтүн чыгып жатканы тууралуу тургундар видео таратып жатышат.

Айрым райондордо азыр да жарык жок. «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматы электр жарыгынын жапырт өчүшүнүн себеби такталып жатканын кабарлады.

Бишкектин Чыгыш-5, Аламүдүн-1, Туңгуч сыяктуу түштүк кичи райондорунда, «Айчүрөк» соода борбору, филармония, Политех, Түштүк-2, Төмөнкү Ала-Арча аймактарында жарык өчтү.

27-октябрда вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Бишкек жылуулук электр борборунун 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышкан.

«Улутттук энергохолдинг компаниясы» ААКнын маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1 млн 110 миң тонна көмүр керек. Учурда кампада 296 миң тонна отун бар. Анын 28 500 тоннасы импорт, 268 миң тонна ата мекендик көмүр. Бул 2 айга жетерлик көлөм.

От казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөтүндө аткарылып жатканы айтылды. Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык обьект.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM