Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоонун кайра өткөрүлүшүн жокко чыгаруу боюнча арызын артка кайтарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине каршылыгын билдирген БШКнын кассациялык арызы Жогорку Сотко 28-октябрда келип түшкөн.
29-октябрда Жогорку Сот мамлекеттик пошлина төлөнгөнү туурасында далил болбогондуктан, доо арызды кайра ээсине кайтарган.