Биз менен байланышыңыз

Кадыры кеткен кадр саясаты

Саясат | 28 Окт 2020 | 1242 | 1

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн жаңы курамы менен тааныштырып, курам 20-30%га алмашканын билдирген. Бирок арадан эки жума өтпөй Садыр Жапаров көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлерди алмаштырууга жетишти. Мындай кадрдык өзгөрүүлөр коомдо ар кандай талкууларды жана нааразычылыктарды жаратты. Ошол эле учурда айрым эксперттер кадрдык алмашууларды алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырышууда. 

27-октябрь күнү кечинде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматтан өз каалоосу менен кетти. Министрдин жазган арызына президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Кочкоров аталган министрликте 2 жыл эмгектенген. 4-октябрда өткөн шайлоого «Биримдик» партиясынан талапкер болуп, жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин кызматына кайтып келген. Кочкоров кызматтан эмне себептен баш тарткандыгы боюнча азырынча маалымат бербей тургандыгын айтып, бул боюнча жакынкы күндөрдө маалымат жыйын өткөзөрүн билдирди.

— Мен бүгүн-эртең бул боюнча өзүм маалымат жыйын өткөрөм. Эмне себептен баш тарканымды азыр айтпай эле турайынчы, — деди Кочкоров.

Ошондой эле кечээ вице-премьер-министр Аида Исмаилова да өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, ээлеген ордунан бошотулду. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарына Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына талапкер катары көрсөтүлдү. Талкуу маалында көпчүлүк депутаттар буга чейинки вице-премьер-министр кызматында тургандагы ишмердүүлүгүн сынга алышып, аталган кызматка бара жатканда парламенттик шайлоого барбай тургандыгына сөз берип, бирок оор учурда шайлоого катышканын эскертишти.

Ал эми Аида Исмаилова: «Эл үчүн жакшы эле иштеп бердим деп айта алам», — деген пикирин айтты.

Талкуунун соңунда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырган жок.

Азыркы кызматтык алмашуулар башаламан болуп, аны түшүнүү кыйын болуп жаткандыгын Боршайкомдун мурдагы мүчөсү, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков айтты.

— 10-январда президенттик шайлоо болгону жатат, ага Садыр Жапаров да катышам деди. Эгерде аткаруу бийлигине, муниципалдык башкарууга өз кишилерин коюп алса, ошолордун жардамы менен президенттик шайлоодо утканга мүмкүнчүлүк чоң болот деген үмүтү бардыр. Мамлекеттик башкаруунун эң негизги принциби — бул: кадрлар. Кадр канчалык туруктуу болсо, социалдык-экономикалык саясат да туруктуу болот. Кадрдык алмашуулардын себебинен аткаруу бийлигинде туруктуулук, саясат болбой калат, бул деген — анархия, — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал өлкөнүн казынасында тыйыны жок болуп, пандемия күчөп, коңшу мамлекеттер жардам бермек түгүл, азыркы бийликти таааныбай жаткан учурда кадрдык туруксуздук Кыргызстанды кыйын абалга, мамлекеттин жок болушуна алып келиши мүмкүн экендигин кошумчалады.

27-октябрда президент жана премьер-министрдин иш башкармалыгына Алмаз Мамбетовдун жетекчи болушу да талкууга түштү. Анын буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда социалдык тармактарда этикага туура келбеген сөздөрдү колдонгонун кайрадан эске салышууда. Анан дагы Мамкаттоону жетектеп турганда жасалма номур тагылган унаада бир айым менен түшкөн сүрөтү да талкууга түшүп, андагы адам Мамбетов экенин айткандар болгон.

Саясат талдоочу Эмил Жороев 5-октябрдан бери болуп жаткан кадрдык дайындоолор алдын ала пландалбаган үчүн туруксуз болуп жатканын айтты. Мындай ыкма менен бийлик ар кайсы саясий топтор менен кызматташып жатканын көрсөткүсү келет деп эсептейт.

— Менимче, алдын ала шайлоолордо колдоону кепилдөө, күчөтүү, азыркы кырдаалды кандайдыр бир стабилдүү нукта кармап калуу, ар кандай күчтөрдүн ар тарапка тартып, дагы да бүлгүнгө жол бербөөнүн аракети. Дайындоолордо буга чейин чечилбеген, талкууланбаган кадрлардын келип калуусун байкап жатабыз. Мындай туруксуздук азыр эле көптөгөн терс таасирлерин тийгизүүдө. Мисал үчүн өнөктөштөр менен болгон сүйлөшүлөр, сырттан келип жаткан жардамдар дээрлик токтоп калды. Себеби алар да мыйзамдуу, легитимдүү бийлик менен сүйлөшкүсү келип, Кыргызстанга кандайдыр бир милдеттенмелерди берип жатышат. Эгерде азыркы биз көрүп жаткандай жума сайын өзгөрө берсе, анда аларга чоң тобокелчилик болуп калат. Ал эми узакка кетчү кесепети — мыйзамдык жана конституциялык нуктан чыгып калабыз, — деди Жороев.

Мындай абал улана берсе, саясий коом мыйзамдан четтеп, «ар кайсы кырдаалга жараша жолду оңдоп-өзгөртүп кете берсе болот» деген түшүнүк калыптанып калышы мүмкүн экендигин Жороев эске салды.

Эскерте кетсек, президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров өзү да декабрда кызматын тапшырып, президенттик шайлоого катышарын жарыялаган. Жапаров кызматын тапшырса, анын милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып калары айтылууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Минюра

    28.10.2020 18:51

    А эми сабыр канат кылып куто туруш керек, жумурткадан кыр издеп, ар демкени критикалай бербей. 30 жылдан бери болушунча болуп буткон коррупция, мамлекет,Кыргызстан озуно келгенге да убакыт керек. Ушу бизде кыргыздар оздору бирдемке кылып кыйратышпайт, же кылса ошол кылгандарды жактырышпайт. Эптеп эле бирин бири коро албастык. Ар ким оз арабасын эле ойлошот. 30 жылдан бери иштебеген закон, эми эле иштеп кеттиби. Мыйзамсыз ,мыйзамдуу деп… мыйзамдын башаты эл, эл каалагандай болот, ошону элдин каалосун мыйзамдаштырыш керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM