Биз менен байланышыңыз

Жаңы бийликтин коопсуздук тармагындагы иши сынга кабылды

Саясат | 27 Окт 2020 | 558 | 0

Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев кызматтан кетип жатып, жаңы келген бийликтин коопсуздук тармагында жасаган аракеттерин сынга алды. Ал 27-октябрда маалымат жыйын өткөрдү.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев азыркы бийлик, өзгөчө коопсуздук тармагы ар тараптуу көйгөйлөрдү чечүү менен алектенбестен, кызмат бөлүштүрүү маселесин алдыга коюп жатканын сындады.

-Бийликтин бардык тармактарында кызмат талашуу, жоопкерчиликсиздик болуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин криминалитет каалагандай иш алып барууда. Алар мурдагыдай эле финансылык булактарды ээлеп, башкарып жатышат. Жакында эле ЖМКларга бажы кызматынын жаңы жетекчисинин белгилүү кримтөбөл менен тойлоп жаткан сүрөтү чыкты. Муну кандай түшүнсө болот?

Кеңешбек Дүйшөбаев кызматта турганда, Коопсуздук кеңешинин катчысы катары коронавирус инфекциясынын экинчи толкунун болтурбоо, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү, чек аралардагы  коопсуздук маселеси, бажыдагы алешемдиктер сыяктуу ондогон материалдарды даярдап, ыкчам чара көрүү максатында бийлик өкүлдөрүнө кайрылганын айтты. Бирок бул көйгөйлөрдү чечүүгө бийлик реакция кылган эмес.

-Биз даярдап көрсөткөн материалдардын, маселелердин бардыгы бүгүнкүгө чейин каралган жок. Коопсуздук кеңешинин жыйыны да өткөрүлгөн жок. Бирок кырдаал күндөн-күнгө оорлоп бара жатат. 

Дүйшөбаев ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышын “театралдашкан шоу” деп атады.

Коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз деген иш-аракеттердин баары театралдашкан шоу сыяктуу болуп жатат. Мисалы, коррупция багытында Райымбек Матраимов жөнүндө көп сөз болгон. “Азаттык” радиосу жүргүзгөн иликтөөлөрдө айтылган 700 милллион доллардын чыгарылып кетүүсү тууралуу, эл аралык жүк ташуудагы ар кандай иштер жана соода тармагындагы көмүскө схема жөнүндө.

Өз кезегинде күч түзүмдөрүнүн баары, финансылык чалгын кызматы да бул иштерге Райымбек Матриаимовдун эч кандай тиешеси жок деп жарыялап келишкен. Жакында эле аны кармап келишип, бир нече саат суракка алып кайра чыгарып жиберишти. Ошол жерден «Матраимов күнөөлүү экен, анын кылмыш ишинен мамлекетке эки млрд сом зыян келиптир, 80 миллионун төлөй баштады» дешти. Матраимовго буга чейин бир да кылмыш иши козголбосо, анда каяктан жүрүп анын күнөөсү такталды? Ким тактады? Кантип тактады? Элге чыгарышпайбы, ошону. Бүгүнкү күндө Матраимов күнөөлүү деген айып коюла элек да».

Ал мындан тышкары президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Райымбек Матраимовдун тергөө иштерине кийлигишкенин кескин сынга алды. Жапаровдун өлкө жетекчиси катары Матраимовдун бөгөт чарасын аныктоого кийлигишүүгө укугу жок экенин белгиледи.

«Ал киши, эмне, прокурорбу? Сотпу? Тергөөчүбү? Конституцияда анын тергөө ишине аралашып, буйрук бергенге ыйгарым укугу жок. Укуктук негизге бул канчалык жатат?».

Белгилей кетсек, Жапаров буга чейин Матраимовду камап коюу менен маселе чечилбей турганын, анын иши дагы карала турганын жана 80 миллион сом төгүп бергенин айткан. Ошондой эле дагы 2 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирилип, үй камагына чыгарылганын белгилеген.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кеңешбек Дүйшөбаевдин айткандарын четке какты. Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнү активдүү жүргүзүп, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схеманы жоюу, казынага келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана крим чөйрөсүнүн тамырын кыркуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековөлкөдө коопсуздук тармагы ашкере саясатташып кеткенин айтып, мындай олку-солку абалда өлкөнүн коопсуздугун алдыңкы орунга коюу керектигин белгиледи.

-Азыркы бийлик эң негизги делген экономикалык, медицина, чек ара, коопсуздук сыяктуу маселелерге олуттуу көңүл бурбай жатат. Мындай абалда коопсуздук тармагын өз кызыкчылыгына колдонбой, ашкере саясатташтыруудан алыс болуу керек. Жаңы дайындалган кызматкерлер өзүнүн дараметин көргөзүп, өз тармагын алга тартып кетүүсү маанилүү.

27-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан Кеңешбек Дүйшөбаевди алып, ордуна Рыскелди Мусаевди дайындады.

Даярдаган Дастанбек Каримов

 

Copyright © 2017 Maral FM