Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков Ак үйдөн уурдалган сүрөттөрдү кайтарууну тапшырды

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 649 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейине барды.

Ал 6-октябрда Ак үйдөн уурдалган музейдин балансындагы сүрөттөрдү кайтаруу, зыянга учуругандарын калыбына келтирүү тапшырмасын берди.

Министрликтин маалыматында, Көркөм сүрөт музейдин балансындагы 20 эмгек убактылуу пайдалануу үчүн Ак үйгө берилген. Учурда 8 эмгек дайынсыз жоголду. Төртөө зыянга учурап, кайрадан калыбына келтирүүгө муктаж.

Кадырбековдун айтымында, Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейиндеги экспонаттарды санариптештирүү процесси жүрүп жатат. Бул аркылуу жарандар үйүндө отуруп музейдеги бар экспозицияларды, экспонаттарды онлайн форматта көрүүгө шарт түзүлөт.

6-октябрдагы башаламандыкта Ак үйдү «басып алгандар» белгилүү актер, сүрөтчү, каскадер Сүймөнкул Чокморовдун «Ажайып табияттагы кыргоол» жана «Гүлдөгөн мезгил» аттуу эки картинасын уурдап кетишкен. Бул тууралуу актердун бир тууганы Сүйөркул Чокморов «Марал» радиосуна кабарлап, сүрөттөрдү табышуу боюнча элден жардам сураган.

Ак үйдөн Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрү уурдалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM