Биз менен байланышыңыз

Изин жашырган Исаков менен Ибраимов изделүүдө

Саясат | 27 Окт 2020 | 550 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыялангандыгын бүгүн, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Алар соттун чечимине жана тергөөчүнүн токтомуна ылайык, 13-октябрга чейин абакка кайра кайтып келиши керек болчу. Бирок саясатчылардын азыр кайда экендиги белгисиз болууда.

Исаков менен Ибраимов абактан качып кеткен адамдар катары Кыргызстандын ичинде да, сыртында да мамлекеттер аралык бүт болгон издөө жүргүзүлүп жатканын жана буга тиешелүү органдар издөөну аткарыш керектигин Коопсуздук маселеси боюнча вице-примьер министр Максат Мамытканов билдирди.

-“Бул адамдарга издөө жаряланды, анткени алар абакка белгиленген мөөнөттө келген жок. Алардын азыркы абалын эч ким билбейт. Ошондуктан булар издөөгө берилди. Булар факт түрүндө абактан качып кетишти. Ошондуктан издөөгө берилишти. Кыргызстандын ичинде изделип жатат, ошондуктан берилип жатат. Мамлекет аралык бүт болгон издөөнүн негизинде жасалып жасалат, Кыргызстандын ичинде дагы, тышында дагы. Азыр эми тийиштүү органдар издөөгө берип, издөө жаряланды. Эми булар абактан качып кеткен адамдар. Мына статусу ушундай азыр. Азыр деген бут тийиштүү органдар издөөнү аткарыш керек» , — деди Мамытканов.

Ошол эле учурда айрым маалымат булактары Сапар Исаковдун Франциядан башпаанек сурагандыгын жазып чыгышкан. Бул боюнча Сапар Исаковдун тарапташтарында, үй-бүлө мүчөлөрүндө жана жактоочуларында маалымат жок жана анын кайсы жакта жүргөндүгү боюнча да билишпейт. Муну анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

— “Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун өлкөнүн ичиндеби же чыгып кеткенби, кайсы жакта экендигин билбейм. Биз да качан маалымат келет деп күтүп жатабыз. Бирок менин оюм боюнча башпаанек каалаган адамдар эч качан Франциядан сурабайт, сурашы мүмкүн, бирок өтө аз учурда. Көбүнчө Америка, Швециядан жана башка өлкөлөрдөн сурашат”, — деди Жоошев.

Абактагы саясатчылардын сыртка чыгуусуна 5-октябрдагы окуялар, башкача айтканда ошол кездеги бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, сотторго басым жасатып актатып, үй камагына чыгартылганы туура эмес иш болгондугун саясат талдоочу Айданбек Акматов айтты.

Анын айтымында, абактагы саясатчылардын качып кетүүсүн атайын уюштурулган иш деп айтуу кыйын, бирок “5- октябрдагы окуяларды уюштурулду, ага даярдыктар көрүлгөн” деп  айтканга негиз бар.

— “Булар дагы саясатка байланыштуу болуп, Кыргызстанга келбей калышы толук мүмкүн. Эгерде жөнөкөй эле кылмышкер болсо Интерполдун жардамы менен, башка мамлекеттер аралык келишимдердин жардамы менен алып келсе болот. Ал эми бир аз саясат аралашып калган болсо, батыш өлкөлөрү саясатка байланыштуу эле бир жагдай болуп калса, бербей коюшат” , — деди Акматов.

Ошол эле учурда чет өлкөлөргө качып кеткен адамдардын көбүнчөсү бай адамдар болгондуктан, барган өлкөсүнүн паспортторун да сатып алып, кайсы бир деңгээлде инвестор да болуп калышы мүмкүн экендигин, жана батыш өлкөлөрү муну пайдаланып жүргөнүн кошумчалады.

Абакта отургандардын жанында паспорттору болбогондуктан  жасалма паспорт менен ар кандай өтүп кете турган чек аралар бар экендигин, эл аралык издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиевдей болуп Тажикстандын ачык чек арасынан өтүп кетиши мүмкүн экендигин жана көбүнчө саясатчылар ошол жактан качып кете тургандынгын Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

— “Эгерде башпаанек сураганы белгилүү болсо, анда элчиликтин территориясына кирип кетишет. Чын эле саясий куугунтук болсо, элчиликтер жардам берет. Алардын кайсы жерде жүргөнү белгилүү болсо, ал мамлекеттер менен келишим бар болсо, анда мамлекет сөзсүз түрдө кат жиберет” , — деди Сооронкулова.

Ошол эле учурда Сооронкулова бийлик бул боюнча кандай тергелип, кандай иш жүргүзүлүп жатканы боюнча маалымат бериш керектигин айтып, эгерде аэропорт жактан чыккан болсо видео көзөмөлдөн карап, кандай чыкканын айтыш керектигин, бирок эч кандай маалымат бербей жатканыдыгына караганда чек аранын ачык жерлеринен чыгып кетип калышы толук мүмкүн экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM