Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик 6 млн евролук жардамын убактылуу токтотту

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 1345 | 0

Евробиримдик Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн бөлө турган 6 млн еврону берүүнү убактылуу токтотту. Бул каражат өлкөдөгү санариптештирүү иштерине жумшалмак. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирген.

«2019-жылы санариптештирүү иштерине 6 млн евро бөлүү пландалган. Бирок учурда Евробиримдик бул каражатты парламенттик шайлоолор өткөнгө чейин берүүнү токтотуп турат», — деп айтылган.

Бирок, Евробиримдик билим берүү, саламаттыкты сактоо жана таза суу, сугат маселелери боюнча программаларды ишке ашырууну улантат. Себеби бул карапайым калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган.

Ал эми «Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосунда 2021-2027-жылдар аралыгында биргеликте ишке ашыра турган узак мөөнөттүү кызматташтыктын программасын иштеп чыгуу жаңы парламент келип, өкмөттүн курамы бекитилгенден кийин гана ишке ашырылат», — деп белгилеген Евробиримдик.

 

Copyright © 2017 Maral FM