Биз менен байланышыңыз

Бишкекте инфекциялык оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү

Кыска кабар | 24 Окт 2020 | 450 | 0

Бишкекте 100 орунга ылайыкташкан оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы имараттын жалпы аянты 2 310 чарчы метрди түзүп, ал коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярдануу максатында өкмөттүн буйругу менен салынды.

Курулуш иштери ушул жылдын 23-июлунда башталып, августтун соңу менен бүтмөк. Эки айга кечиккен корпус жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Жаңы оорукана Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагында жайгашкан жана изоляцияланган бокстардан, реанимациядан турат. Клиника инфекциялык ооруканага коюлган бардык талаптарга ылайык курулган.

Copyright © 2017 Maral FM